Жогорку Кеңеште «CASA-1000» долбоору боюнча кошумча каржылоого багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты
Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы «Борбордук Азия – Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо «CASA-1000» долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты энергетикалык коопсуздукту, энергетикалык системанын туруктуу иштешин, суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууну, эскпорттук потенциалды өнүктүрүүнү жана генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
«Кошумча каражаттардын жалпы суммасы 9 млн евро түзөт, алар төмөнкү шарттар менен берилет: мөөнөтү – 29 жыл; жеңилдетилген мөөнөт – келишим түзүлгөндөн баштап 8 жыл; пайыздык чен - 3,6% чейин», – деп кошумчалады баяндамачы.
Андан тышкары, депутаттар «Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата Жаңыланган протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда колдошту.
