Кыргызстанда ишкерлер шашылыш колдоо долбоорунун алкагында 7,7 млрд сом насыя алды 
17 октябрь

Кыргызстанда ишкерлер шашылыш колдоо долбоорунун алкагында 7,7 млрд сом насыя алды 

Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында Кыргызстанда 10 миң 750 ишкерге 7 млрд 789 млн 606 миң 916 сомго пайызсыз кредит каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 206 ишкерге 5 млрд 380 млн 660 миң 916 сом каржыланды.

2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 544 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 409 млн 946 миң сомду түзгөн. 

Белгилей кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.