Каракөл ГЭСинде көмөк чордону жерге туташтыруу иши аяктады
8 апрель

Каракөл ГЭСинде көмөк чордону жерге туташтыруу иши аяктады

Жалал-Абад облусунда жаңы гидроэлектростанция — Каракөл ГЭСинин курулушу активдүү жүрүп жатат. Ал Кара-Суу дарыясында жайгашкан, деп кабарлайт Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Долбоордун орнотулган кубаттуулугу 18 МВт, ал эми жылдык орточо өндүрүү 110 млн кВт·с түзөт, бул региондун болжол менен 3600 түтүн баш үйдү электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет (бир түтүн баш үйгө орточо 5 кВт·с).

Бүгүнкү күндө 110 кВ ачык таратуучу түзүлүшүнүн (ОРУ) аянтын даярдоо боюнча жер иштери аяктады жана көмөк чордону жерге туташтыруу иши аткарылды, бул келечектеги энергия объектисинин маанилүү этабы болуп саналат.

Мындан тышкары, төмөнкү иштер аткарылды:

• ГЭСтин имаратынын курулушу активдүү жүрүп жатат — I–IV ярусунун бетон куюу иштери 727,9 м. чейин бүткөн;

• Башкы суу алуучу түйүндүн курулуш-монтаждоо иштери бүткөн;

• Напордуу түтүктүн монтаждоо иштери бүткөн.

Учурда ГЭСтин имаратындагы курулуш иштерин улантуу пландалууда.

Эске салсак, курулуштун башкы подрядчысы –«Жагалмай» ЖЧК. Бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Каракөл ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аякташы пландалууда.