Кыргыз Республикасынын Улуттук көргөзмөсү Москвада 34-Эл аралык азык-түлүк күзгү көргөзмөсүндө көрсөтүлдү
2025-жылдын 16-сентябрында Москвада башталган 34-эл аралык "WorldFood Moscow 2025" азык-түлүк күзгү көргөзмөсүнүн алкагында, "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен 24 экспортко багытталган ата мекендик компаниянын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук Экспозициясы ачылды. Көргөзмөдө "Кыргызстанда жасалган" бренди менен продукциянын кеңири ассортименти көрсөтүлгөн.
Көргөзмөгө катышкан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев, «WorldFood Expo-2025» көргөзмөсүнө ата мекендик продукциянын үлгүлөрү менен экспоненттер катары катышып жаткан Кыргыз Республикасынын 24 экспортко багытталган компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга ыраазычылык билдирип, улуттук стендде көрсөтүлгөн табигый жана экологиялык таза продукциянын бай ассортиментин белгилеп, ата мекендик компаниялардын "Кыргызстанда жасалган" брендин илгерилетүүгө жана жалпысынан Кыргыз Республикасын чет элдик рыноктордо таанытууга кошкон салымын баса белгиледи.
Көргөзмөнүн алкагында Элчиликтин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында көргөзмөгө катышкан "Кыргыз Экспорттун" өкүлдөрү жана кыргыз компаниялар үчүн Россия Федерациясынын бизнес-бирикмелери, тармактык союздар, соода түйүндөр жана башка кызыкдар ишкер чөйрөлөрү менен консультациялар жана В2В жолугушуулар пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын улуттук экспозициясы аталган көргөзмө алкагында 2025-жылдын 16-сентябрынан 19-сентябрына чейин Москванын "Крокус Экспо" эл аралык көргөзмө борборунда уланат.
