Кыргызстан менен Монголия жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташат
21 июль

Кыргызстан менен Монголия жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташат

2025-жылдын 21-июлунда Монголия Президентинин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик визитинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Монголиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосунда жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Меморандумга кол коюунун максаты – жүндөн алынган чийки затты өндүрүү жана кайра иштетүү жаатында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, улуттук продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, экспорттук потенциалды кеңейтүү, ошондой эле жүндү кайра иштетүү тармагында алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүү болуп саналат.

Документ агрардык жана өнөр жай тармактарында, айрыкча жүн өндүрүү, кайра иштетүү жана продукцияны илгерилетүү багытында өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоого багытталган. Меморандум төмөнкү чараларды камтыйт:

  • эки өлкөнүн профилдик ишканалары жана уюмдары ортосунда өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү;
  • технологиялар, техникалык жабдуу жана сапат стандарттары боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу;
  • биргелешкен бизнес-жолугушууларды, өз ара визиттерди, көргөзмөлөрдү жана семинарларды өткөрүү;
  • жүндөн жасалган продукцияны аймактык жана эл аралык рынокторго чыгарууга көмөктөшүү.

Мындан тышкары, Меморандум Тараптардын жүндү кайра иштетүү тармагында туруктуу өндүрүштүк жана логистикалык чынжырларды түзүү багытында аракеттерди координациялоо ниеттерин бекемдейт. Бул улуттук чийки заттын кошумча наркын жогорулатууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.

Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасы менен Монголиянын агрардык жана кайра иштетүү тармактарындагы кызматташтыгын кеңейтүү жолунда маанилүү кадам болуп саналат.