Жакында суткасына 20 тонна унду иштеткен 150 туруктуу жумуш орунун камсыздаган кондитердик цех расмий ачылат
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев «1-й Индустриально-складской комплекс» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Ишкананын кондитердик цехи ар түрдүү азыктарды өндүрөт: торттор, пирожныйлар, печеньелер, пряниктер жана башка түрлөрү. Продукциялар «Глобус», «Spar», «Достор» жана «Народный» сыяктуу ири соода түйүндөрү аркылуу сатыкка чыгарылат.
Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 20 тонна унду кайра иштетүүгө жетет. Бул болсо жогорку сапаттагы кондитердик продукциялардын кеңири ассортиментин чыгаруусуна шарт түзөт.
Финансылык колдоо катары «Элдик Банк» жана «Оптима Банк» тарабынан ишканага 420 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражаттар өндүрүштү ишке киргизүүдөгү негизги этаптарды ийгиликтүү ишке ашырууга жана заманбап инфраструктураны түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Маанилүү инфраструктуралык элементтердин бири – тышкы электр линияларын тартуу жана 600 кВт кубаттуулуктагы трансформатордук көмөкчордону орнотуу болду. Бул жалпы ишкананын туруктуу жана үзгүлтүксүз электр менен камсыздалышын камсыз кылды.
Ишкананын расмий ачылышы быйылкы жылдын август айында болот. Бүгүнкү күндө комплекс долбоордук кубаттуулугунун 80%ы менен иштеп жатат жана 150 кыргыз жараны туруктуу жумуш орду менен камсыз болду.
Мындай өндүрүш объектилеринин өнүгүшү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошот. Бардык продукциялар “Умай групп” компаниясы тарабынан чыгарылат.
