Касымалиев кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады
26 февраль

Касымалиев кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Guangdong Holdings Limited» кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

 Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

«Guangdong Holdings Limited» холдингинин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы олуттуу потенциалын эске алуу менен гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системасын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жана холдингдин өкүлдөрү инвестициялык кызматташтык боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүшүүдө.

Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун ишине маани берерин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналарын баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы кытай корпорациясынын өкүлдөрү менен мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана инвестиция тармактарында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.