Айыл чарба өсүмдүктөрү жана көчөттөр боюнча 6 айлык жыйынтык
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевге акыркы 6 айдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун сунуштады.
Бул документ айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо, үрөн жана көчөт материалдарынын сапатын көзөмөлдөө жаатындагы иштердин жыйынтыгын чыгарып, жетишилген натыйжалар жана аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат берет.
Акыркы 6 ай ичинде республика боюнча үрөнчүлүк чарбалар жана чарба жүргүзгөн субъекттер тарабынан 63,2 миң тонна дан эгиндеринин үрөнү кампаларга куюлуп, бул муктаждык болгон 64,6 миң тоннаны 97,86% камсыздады.
Учурда Департаменттин аймактык түзүмдөрүнүн адистери тарабынан кампаларга куюлган дан эгиндеринин үрөндөрү текшерилип, аларды кондицияга жеткирүү иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө жалпы 4050,3 тонна үрөн 44,5 млн. сомго, анын ичинен жаздык буудай 415,7 тонна, жаздык арпа 3397,2 тонна, жүгөрү 13,5 тонна, беденин үрөнү 33,9 тонна, эспарцет 81,3 тонна, картөшкөнүн үрөнү 108,5 тонна таркатылып берилди. Үрөн алуучулардын саны 2653 түздү.
2025-жылга карата 15 питомник отургузууга даярдалып, жалпы 12 152 594 даана жемиш дарактарынын көчөттөрү даярдалган. Алардын ичинен:
- жемиш жана декоративдик дарактар – 3 830 608 даана,
- бадал өсүмдүктөр – 8 321 986 даана.
Питомниктерде өстүрүлүп жаткан жемиш дарактарынын сорттору:
- Алма: Гала, Голден Делишес, Голден Рейнджерс, Джеромини, Гренни Смит, Старкримсон, Семеренко.
Багбанчылык тармагында түшүмдүүлүктү жана ооруларга туруктуулукту жогорулатууга багытталган өсүмдүктөрдү коргоонун инновациялык ыкмалары киргизилди. Региондун климаттык шарттарына ылайыкташкан жаңы өсүмдүк сорттору иштелип чыгып, бул тармактын кирешелүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти сапат стандарттарын сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүп, методикаларын мындан ары да өркүндөтүүнү улантат. Мындан сырткары, фермерлерди колдоо программаларын кеңейтүү, жаңы агротехнологияларды киргизүү жана айыл чарба менен багбанчылык жаатындагы илимий изилдөөлөрдү көбөйтүү пландалууда.
