Виноградное айылындагы шарап чыгаруучу завод менен жүзүмзар чарбасына жаңы дем бирилип өнүктүрүлөт
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Виноградное айылындагы оор абалга кептелген шарап чыгаруучу заводдун жана жүзүмзар чарбасынын абалы менен таанышып, мамлекеттик деңгээлде чараларды көрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
– Жүзүм – бул киреше көп бере турчу өсүмдүк. Бул тармакты өнүктүрүү учурдун талабы. Андыктан жүзүм чарбасын сактап калуу жана өнүктүрүү зарыл. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурлат, – деп билдирди Бакыт Төрөбаев.
Жүзүм чарбасын жана заводду кайра калыбына келтирип ишке киргизип, өнүктүрүү үчүн кеминде 200 млн. сом керектелет жана толук өндүрүмдүүлүккө жетүү үчүн 5-6 жыл талап кылынат.
Учурда республикада ички өндүрүштөн чыккан винопродукция рыноктун болгону 1,5%ын гана түзүп жатканына байланыштуу, жүзүмзарларды сактап калуу жана алардын 2026-жылдагы түшүмүн камсыз кылуу максатында кечиктирилгис түрдө, мамлекеттик же башка булактардан каржылоону камсыз кылуу, зарыл болсо жеке өнөктөштөрдү тартуу, тиешелүү тармакта тажрыйбалуу, адистешкен жетекчиликти дайындоо сыяктуу зарыл болгон мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу боюнча тапшырмалар берилди.
Оор абалга кептелген жалпы аянты 307 гектарды түзгөн төрт айыл чарба багытындагы жер тилкелери мурда ОсОО «Бишкеквинком» ишканасынын узак мөөнөттүү ижарасында болгон. Соттун чечимине ылайык бул тилкелер Аламүдүн районунун Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлгөн. Аталган тилкелерде жүзүмдөр жана темир-бетон түркөктөр орнотулган. Бул мүлк 2025-жылдын 26-майындагы келишимдин негизинде Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан негизделген ОсОО «Винивин» ишканасынын уставдык капиталына өткөрүлгөн. Мындан тышкары, ОсОО «Винодел» ишканасынын виноделье заводу да ошол эле келишимдин негизинде «Винивин» ишканасына өткөрүлгөн.
