Быйыл Америкага жыл башынан бери 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттолду
13 август

Быйыл Америкага жыл башынан бери 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттолду

Быйыл 2025-жылдын башынан бери Баткенден «Алтын-Аймак» ишканасы тарабынан 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш Америкага экспорттолду. Бул жетишкендик ишкананын продукциясынын жогорку сапатын жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тастыктоодо.

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан «Алтын-Аймак» ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган замандаш ишкана болуп саналат. Ишкананын суткасына 10 тонна өндүрүш кубаттуулугу бар.

Ишкана эки негизги цехтен турат: күндүн энергиясын колдонуп чийки продукцияны тез жана сапаттуу кургатуу, ошондой эле кайра иштетүү жана таңгактоо линиялары. Сезондо ишкана эки сменада 40-50 жумушчу менен иштеп, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзүп жатат.