Кыргызстандын эл аралык резерви биринчи жолу $7 млрд ашты
5 сентябрь

Кыргызстандын эл аралык резерви биринчи жолу $7 млрд ашты

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Турганбаев социалдык тармактарда билдиргендей, өлкөнүн эл аралык резерви тарыхта биринчи жолу 7 млрд АКШ долларынан ашты. Салыштыруу үчүн айтсак, жыл башында алардын көлөмү 5 млрд долларды, ал эми бир жарым жыл мурда болгону 3 млрд долларды түзгөн.

Турганбаевдин айтымында, өлкөнүн каржылык мүмкүнчүлүгү дээрлик эки эсеге өстү.

«Бул силердин ар бириңер үчүн эмнени билдирет? Бул биздин коопсуздук жаздыгыбыз. Резервдердин аркасында сомдун курсу туруктуураак, баалар жайыраак өсүп, насыялар жеткиликтүүрөөк болууда. Биз маанилүү импортту төлөй алабыз жана эртеңки күнгө ишенич пайда болду», – деди Улуттук банктын төрагасы.

Өсүш алтындын баасынын жогору болушу жана Улуттук банктын валюта тобокелдиктерин жана активдерди башкаруу боюнча тең салмактуу саясатынын аркасында мүмкүн болду.

Мекеменин негизги максаты – максималдуу киреше эмес, тескерисинче, ишенимдүүлүк жана ликвиддүүлүк, ошондо өлкө каалаган учурда бул резервдерди колдоно алат.

«Эң негизгиси – Кыргызстанда экономиканы, бизнес менен ар бир жаранды коргоочу туруктуулук запасы пайда болду. Биз өлкөбүздүн туруктуулугу жана коопсуздугу үчүн бул каржылык коргоону мындан ары да чыңдайбыз», – деп баса белгиледи Мелис Турганбаев.