Ат-Башыда топоздун этинен кайра иштетилген продукция экспортко чыгууда
10 октябрь

Ат-Башыда топоздун этинен кайра иштетилген продукция экспортко чыгууда

Ат-Башыда топоздун этинен кайра иштетилген продукция экспортко чыгууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунда 30+20+10 долбоорунун алкагында мал чарбачылыгынан топоз чарбасы тандалып алынган. Учурда чарбанын ишин илгерлетүү максатында активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Фермерлер менен сүйлөшүүлөр уюштурулуп, топоздорду өндүрүү жана көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө.

Ошондой эле топоз этинен тушёнкаларды өндүрүү менен экспортко, ички рынокко сатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бардык өндүрүлгөн продукциялар Ат-Башы эт комбинатына өткөрүлүп, ал жерден кайра иштетилет.

  • Бул демилге райондун мал чарба секторунун өнүгүшүнө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.