Соода-өнөр жай палатасы Кытай компаниялары менен өнөктөштүктү жолго коюуда
21 июль

Соода-өнөр жай палатасы Кытай компаниялары менен өнөктөштүктү жолго коюуда

Пекин шаарында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын эл аралык инженердик-консалтинг компаниясынын (CIECC) жана анын түзүмдүк бөлүмү болгон CCOC компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

CIECC – Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик ири инженердик-консалтинг компаниясы болуп эсептелет. Ал өлкөнүн инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорунун ишке ашуусунда маанилүү роль ойнойт. Компания бүгүнкү күнгө чейин 150 000ден ашуун долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашырып, алардын жалпы суммасы 200 трлн юандан ашкан. CIECC транспорт, энергетика, шаар куруу жана жогорку технологиялар тармактарында иш алып барат.

CCOC болсо негизинен Кытайдан тышкаркы өлкөлөрдө консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө адистешкен. Ал «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында Азия жана Африка өлкөлөрүндө бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба топтогон.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду аналитикалык жана долбоордук жактан колдоо, инфраструктура тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.