Экономика министрлигинде II Улуттук ыктыярдуу талдоонун долбоору талкууланды
Экономика жана коммерция министрлигинде Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүү боюнча II Улуттук ыктыярдуу талдоонун (УЫТ) долбоору талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жыйындын алкагында экономикалык жана экологиялык блоктор каралып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттик коомчулук, эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөр жана жарандык коом катышты.
Экономикалык блокто туруктуу экономикалык өсүш, индустриялаштыруу, инновацияларды киргизүү жана шаарларды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Экологиялык блок климаттын өзгөрүшү, экосистемаларды сактоо, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча маселелерди камтыды.
Буга чейин, 18 жана 25-февралда, министрлик социалдык блок жана мамлекеттик башкаруу блогу боюнча талкууларды өткөргөн.
Жыйынга министрликтин стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айсулуу Аманова төрагалык кылды.
