Бакыт Төрөбаев ун өндүрүүчүлөргө жылына 200 миң тонна азык түлүк буудайын өнүрүү тапшырмасын койду
21 июль

Бакыт Төрөбаев ун өндүрүүчүлөргө жылына 200 миң тонна азык түлүк буудайын өнүрүү тапшырмасын койду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев ун өндүрүүчүлөрдөн жылына 200 миң тоннадан кем эмес азык-түлүк буудайын өндүрүү боюнча тапшырманы койду.

«Жылына 200 миң тонна буудайды өндүрүү менен жылына 4-5 айга өзүбүздү жергиликтүү буудай менен камсыз кылабыз. Баррдык көрүлүп жаткан чаралар буудайдын өздүк наркын төмөндөтүүгө багытталган. Эгерде буудайдын кг 15 сомдон сата берип, тармакка көңүл бурбасак биз Казакстандын, Россиянын буудайына атаандаштык кыла албайбыз. Ошол себептен ун өндүрүүчүлөр элеттеги дыйкан-фермерлер менен тыгыз иштеп, көйгөйлөрүн жакындан билип, чече турган болсок абал жакшырат. Айыл чарба министрлиги болсо ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул – үрөн тандоо, жердин анализин чыгарууда, механизацияда ж.б колдоолорду көрсөтөт», – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев бул билдирүүнү Жайыл районунда «Орион–Экстра» жаңы тегирмен комплексинин капсуласын салтанаттуу түрдө коюу аземинде айтты.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 711,18 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 11,7%га жогорулаган. Экономикалык өсүшкө агрардык сектор жана кайра иштетүү өнөр жайы олуттуу салым кошууда. 2025-жылдын январь–июнь айларында эле тамак-аш өнөр жай ишканалары 48 млрд сомдон ашык суммага продукция өндүрүп, физикалык көлөмүнүн индекси 144%ды түздү.

Ун тартуу тармагы өзгөчө динамикалуу өнүгүүнү көрсөтүүдө. 2025-жылдын алгачкы беш айында 215 миң тоннадан ашык дан иштетилип, дээрлик 3,9 миллиард сомго жетти. Жаңы "Орион-Экстра" тегирмен комбинаты суткасына 250 тоннага чейин дан иштетүүнү камсыздайт, бул иштеп жаткан ишкананын кубаттуулугунан үч эсе көп.

Мелькомбинат негизинен Жайыл жана Панфилов райондорунда өстүрүлгөн ата мекендик данды, ошондой эле импорттук сырьёну колдонот, бул үзгүлтүксүз ишти жана жергиликтүү дыйкандарды колдоону камсыз кылат.