Кыргызстан менен Индиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселеси талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинде «Аэро Номад» авиакомпаниясынын жана Индиянын DEX Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында туруктуу түз аба каттамдарын ачуу маселеси каралды.
Тараптар «Аэро Номад» авиакомпаниясы менен DEX Group компаниясынын биргелешкен аракеттеринин алкагында эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттамдарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карашты. Ошондой эле Кыргызстандын жана Индиянын туризм тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өз ара маалыматтык (FAM) турларды уюштуруу маселеси талкууланды.
Бул багыттагы иштер транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, эки тараптуу туристтик агымды көбөйтүүгө, ошондой эле медициналык, билим берүү жана рекреациялык туризмди өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
