Кыргызстан менен Беларусь кызматташтыкты кеңейтүүдө
3-мартта Бишкекте Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Беларустун Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молуновдун жолугушуусу болуп өттү. Тараптар өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана түрдүү тармактарда келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Эске салсак, 2000-жылы түзүлгөн соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясы өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги платформасы бойдон калууда. Комиссиянын он биринчи отуруму 2023-жылдын августунда Минск шаарында, он экинчи отуруму 2024-жылдын ноябрында Бишкекте өткөн. Ага теңтөрагалар, Кыргызстан жана Беларусь өкмөт башчыларынын орун басарлары Бакыт Төрөбаев менен Анатолий Сивактын жетекчилик кылган. Жолугушуунун жүрүшүндө соода келишимдери, инвестициялык долбоорлор жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде Аймактар форумун өткөрүү сунушу талкууланды. Комиссиянын акыркы жыйынында тараптар мамлекеттик органдардын жана бизнестин ишин активдештирип, жакынкы үч жылда бул көрсөткүчтү 500 миллион долларга жеткирүүнү макулдашты.
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү туруктуу өсүүдө. 2021-жылы 97,1 миллион долларды түзсө, 2022-жылы 65%га өсүп, 160 миллион доллардан ашкан. 2023-жылы соода көлөмү 198 миллион долларга жетсе, 2024-жылы 200 миллион долларга жакындады. Кыргызстандын Беларуска экспорту 12 миллион долларды, Беларустан импорту 188 миллион долларды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,5%га көп.
Кыргызстан Беларуска текстиль, тамак-аш жана чийки зат экспорттосо, Беларусь жөнөтүүчүлөрү Кыргызстанга машина куруу продукцияларын, химиялык товарларды жана айыл чарба шаймандарын жеткирет.
Биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүү кызматташтыктын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Маанилүү долбоорлордун катарында «Кыргыз Унаа Курулуш» жана «Могилевлифтмаш» ишканалары тарабынан лифт жабдууларын чыгаруу бар, анын алкагында 2024-жылы 150 лифт чыгаруу пландалууда. Ошондой эле, Беларустун ишканаларына автоунаалар жана тракторлор үчүн радиаторлорду жеткирүү улантылууда, аны Кыргызстандын «Автомаш-Радиатор» заводу 2008-жылдан бери жүргүзүп келет. Маанилүү экологиялык долбоор – Каракол шаарында «Тазалык» ишканасы менен Беларустун «Сифания Экотехника» ишканасы тарабынан биргеликте таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулду. Мындан тышкары, Кыргызстанда трактор жана автобустарды жыйноочу заводдорду түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Айыл чарбасы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Беларусь Кыргызстанга тракторлорду, комбайндарды жана башка айыл чарба шаймандарын жеткирет. 2024-жылы бул жеткирүүлөрдүн көлөмү 10%га өсүп, 30 млн долларды түзгөн. Ошондой эле, Беларусь Кыргызстанга үрөндөрдү, жер семирткичтерди жана органикалык айыл чарба технологияларын активдүү экспорттоодо. Экологиялык таза продукцияга суроо-талап өсүп, өлкөлөр бул тармакты мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.
Өнөктөштүктүн маанилүү аспектиси – логистика жана транспорт. «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында, Кыргызстан менен Белорусь Кытай жана Европа менен соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу транзиттик каттамдарды түзүүнүн үстүндө иштөөдө. 2024-жылы авиажеткирүү тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган, бул жүк жеткирүүлөрдүн көлөмүн 15 пайызга көбөйтүүнү камсыздады. Беларусь жүк ташуучу учактары азыр Кыргызстан абаймандандары аркылуу транзитти колдонууда.
Тараптар ошондой эле билим берүү жана илим жаатында да кызматташтыкты өркүндөтүүдө. 2024-жылы Беларусь кыргыз студенттерине 50 стипендия бөлгөн, артыкчылык техникалык жана медициналык адистиктерге берилген. Андан тышкары уруктуу өнүгүүгө, инновацияга жана жаңы технологияга багытталган биргелешкен илимий конференциялар өткөрүлдү.
Жакынкы жылдарда өлкөлөр инвестициялык долбоорлорду кеңейтүүнү, өндүрүштү модернизациялоону жана соода кызматташтыгын эки тарапка тең дагы да пайдалуу кылып күчөтүүнү пландаштырып жатат.
