Кыргызстанда жаныбарларды геномдук баалоо боюнча тренинг-борбору курулат
10 октябрь

Кыргызстанда жаныбарларды геномдук баалоо боюнча тренинг-борбору курулат

Үстүбүздөг жылдын 22-октябрында Фрунзе айылындагы Кыргыз мал чарба жана жайыт институтунун аймагында жаныбарларды геномдук баалоо боюнча тренинг-борборунун жана жатакананын курулушуна капсула салуу аземи өтөт.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында айыл чарба жаныбарларынын биотехнология бөлүмүнө да сапар уюштурулат.

Иш-чарага вице-премьер-министр, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ, ошондой эле KOICA жана KOPIA уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

Жаныбарларды геномдук баалоо боюнча тренинг-борбору – агрардык илим менен инновацияларды өнүктүрүүдө маанилүү долбоор.

Ал адистерди даярдоого, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана жаныбарлардын продуктивдүүлүгүн жогорулатууга багытталган заманбап платформа болот.

Бул долбоор Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан «Кыргыз Республикасында эт жана сүт багытындагы малдын генетикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана ветеринардык адистердин потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Борбордун ишке кириши Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы айыл чарба жана илимий кызматташтыкты тереңдетип, өлкөдө геномдук баалоонун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө салым кошот деп күтүлүүдө.