Энергетикалык кризис: Эмнеге Энергетика министрлиги алдын ала альтернативалык булактарды издеген эмес?
22 январь

Энергетикалык кризис: Эмнеге Энергетика министрлиги алдын ала альтернативалык булактарды издеген эмес?

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбековдон “эмнеге электр энергияга альтернатива издөөнү көп жыл мурун баштабай, энергетикалык кризис орун алгыча тынч отурушканын” сурады. 

“Сиз билдиргендей, бизде 14,5 млрд кВт⋅саат электр энергиясы өндүрүлөт экен, а суроо-талап – 20 млрд кВт⋅саат. Ошондо деффицит – 4,5-5 млрд кВт⋅саат экен. Менин билишимче, көп жылдан бери деффицит болуп жатат. Президенттин “Энергетикадагы өзгөчө кырдаал жөнүндөгү” жарлыгы чыккандан кийин гана кыймылдап баштадыңыздар. Эмнеге ага чейин бул маселеге көңүл бурган эмессиздер? Дүйнө жүзүндө 2000-жылдан бери чоң аракеттер жасалып, “жашыл демилге” көтөрүлүп келатат. Баары альтернативалык электр булагына өтүшүүдө. А силер эмнеге кризиске чейин алып келдиңер?” – деди Кыдыралиев. 

Алтынбек Рысбеков 2025-жылы электр энергияны өндүрүү жана суроо-талаптын ортосундагы айырма 3,8 млрд кВт⋅саат болгонун эске салды. Ошондой эле анын айтымында, бул багытта иштер такыр жүргүзүлбөй калган эмес, бирок жеткиликтүү деңгээлде да болбогон. Президент качан гана бул маселеге көңүл буруп, демилгени өз колуна алып, аталган министрликке тапшырмаларды бергенден баштап иш жөнгө салынган.