«Каракөл» ГЭСинде курулуштун активдүү фазасы жүрүп жатат
4 март

«Каракөл» ГЭСинде курулуштун активдүү фазасы жүрүп жатат

«Чакан ГЭС» ААКна таандык «Каракөл» ГЭСинде курулуш иштери активдүү жүрүүдө, деп билдирет Энергетика министрлиги. 

Кара-Суу дарыясында, Каракөл шаарына жакын жайгашкан ГЭСтин орнотулган кубаттуулугу 18 МВтты түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 110 млн кВт/с болот.

Бүгүнкү күндө аткарылган иштер:

  • Суу алуучу башкы түйүндүн курулуш-монтаждоо иштери аяктады.
  • Станция имаратынын I-IV ярустарына бетон куюу иштери аяктады.

Учурдагы иштер:

Станция имаратынын V ярусунун бетон куюу иштери жүрүүдө.

Диаметри 2200 мм болгон түтүктөрдүн секциялары даярдалууда, 916 п.м. обечайка жасалды.

Түтүктөрдү монтаждоо иштери жүрүп жатат, жалпысынан 790 п.м. түтүк орнотулду; таянычтарга жана бурулуш кудуктарына 880 м³ темир-бетон куюлду.

110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштүн (ОРУ) аянтын даярдоо жана көмөкчордонду жерге туташтыруу боюнча жер казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш аянтына №1 жана №2 Гидротурбиналардын орнотуу үчүн төмөнкү керектелүүчү жабдуулар жеткирилди: сордуруучу түтүк, спиралдык камера, дисктүү жапкыч.

Бардык курулуш-монтаждоо иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: 2009-жылдын 6-август айында «Чакан ГЭС» ААКнун жалпы чогулушунун чечими менен «Каракөл ГЭС» ААКу түзүлгөн.

2023-жылдын 16-июнь айында «Каракөл ГЭС» ААКу менен «Жагалмай» ЖЧК ортосунда чакан ГЭСтин курулушу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлган. Долбоордун инвестору жана башкы подрядчысы – «Жагалмай» ЖЧК.

Курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аякташы пландалууда.