Министрлик дыйкандар жана ун чыгаруучу ишканалар ассоциациясы менен жолугушуу өткөрдү
Чүй облусунда Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетовдун аймактагы фермерлер жана Кыргызстандын ун чыгаруучу ишканалар ассоциациясынын төрагасы Рустам Жунушов менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги максаты – дан эгиндерин жыйноо иштеринин жүрүшү боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрдү тынчсыздандырып жаткан актуалдуу маселелерди талкуулоо болду. Анын алкагында төмөнкүлөр талкууланды:
- Дан эгиндерин, атап айтканда буудайды сатуу, фермерлер үчүн туруктуу сатуунун каналдарын камсыздоо жана фермерлерди өлкөбүздөгү ун комбинаттарына байланыштыруу маселеси;
- Сапаттуу үрөн материалы менен камсыз кылуу, анын ичинде сертификатталган үрөндөргө жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
- Дан сатып алуу жана бөлүштүрүү, сактоо жана логистика маселелери;
- Айыл чарба продукциясына жана унга болгон баа саясаты, фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмагын камсыз кылуу;
- Өндүрүш чыгымдарын мамлекеттик колдоо жана субсидиялоо механизмдери;
- Өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү келечеги;
- Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу агротехника жана туруктуу айыл чарбасын жүргүзүү боюнча маселелер.
Бакыт Мамбетов белгилегендей, Министрлик фермерлер жана агроишканалар менен болгон активдүү диалогду улантат. Бул өз убагында келип чыккан маселелерди чечүүгө жана өлкөнүн айыл чарба тармагын натыйжалуу өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
Жолугушуунун жыйынтыгында Департамент, фермерлер жана кайра иштетүү тармагынын өкүлдөрүнүн ортосунда туруктуу өз ара кызматташуу боюнча макулдашуу жетишилди. Ошондой эле жакынкы күндөрү дан эгиндеринин сертификатталган үрөндөрүн жеткирүүчүлөр жана илимий мекемелердин катышуусунда үрөнчүлүк маселелери боюнча өзүнчө жыйын өткөрүү сунушталды.
