Кыргызстанда 8,4 миңден ашуун адам убактылуу жумуш менен камсыз болду
1 август

Кыргызстанда 8,4 миңден ашуун адам убактылуу жумуш менен камсыз болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коллегиянын жыйынында жарандарды эмгек рыногунун активдүү чаралары менен камтуу өсүп жатканын билдирди.

2025-жылы коомдук акы төлөнүүчү иштерге 5 738 адам жөнөтүлдү – бул өткөн жылга салыштырмалуу 21%га көп.

Алардын ичинен:

  • 86 адам алыскы аймактарда кызмат көрсөтсө,
  • 667 – айыл чарбасында,
  • 797 – социалдык тармакта,
  • 3 445 – инфраструктура тармагында,
  • калган бөлүгү башка багыттарда иштешкен.

Ошондой эле, «Эмгек үчүн — тамак-аш» программасын ишке ашырууга 1 846 аз камсыз болгон үй-бүлө катышкан, “Жумушка (окутууга) накталай акча” схемасы боюнча 896 аз камсыз болгон үй-бүлө катышкан.
Отчеттук мезгилде эмгек рыногунун талабына ылайык, кыска мөөнөттүү курстардан 3 824 адам жөнөтүлүп, аяктагандардын ичинен 60,5% алган кесиби боюнча ишке орношту.
Министрликтин кесиптик багыт берүү борборлору жана аймактык бөлүмдөрү тарабынана туура кесип тандоо боюнча жалпысынан 40 404 жаранга кеңеш берип, алардын 23 805и – окуучулар жана бүтүрүүчүлөр, ал эми 16 599у – кесиби жок жумушсуз жарандар болгон.