Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
2 август

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты тиешелүү тармактарда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары – МЖӨ) долбоорлорун демилгелөө жана ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзамда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралган:

1) “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы МЖӨ жөнүндө макулдашуулардын негизинде келип чыгуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жергиликтүү каттоо органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашыра тургандыгын караган ченем менен толукталат;

2) “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы МЖӨ жөнүндө макулдашуунун алкагында муниципалдык менчик объекттерин жеке өнөктөшкө пайдаланууга же ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ижарага берилүүчү жер участогуна карата төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын эки ставкасынын өлчөмүндө жеңилдетилген (бир жылга) ижара акысын белгилөө менен, тоорук өткөрбөстөн жүзөгө ашырылары тууралуу ченем менен толукталат;

3) “Аквакультура, балык чарбасы жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында балык чарба көлмөлөр же алардын участоктору балык чарбалык иштерди жүргүзүү пайдаланууга, анын ичинде МЖӨ долбоорлору боюнча берилери тууралуу ченем белгиленет;

4) “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана ушул Мыйзамда белгиленген жол-жоболор менен аныкталары тууралуу ченем каралган.

5) “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыра тургандыгы тууралуу ыйгарым укугу менен толукталат.