Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин жыйыны өттү
Бишкекте 4-октябрда КМШга катышкан мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-жыйыны болуп өттү.
Жыйын КР Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваповдун төрагалыгы астында өттү.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын салык кызматтарынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин делегациялары катышты.
Жыйындын негизги темасы – КНСти кайтарып берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана төлөөнүн ачыктыгын жогорулатуу максатында кошумча нарк салыгын башкаруу үчүн санариптик чечимдерди киргизүү болду.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан акыркы жылдары салык жол-жоболорун санариптештирүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи. Натыйжада акыркы жылдары республикалык бюджеттин кирешеси эки эсеге көбөйүп, салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапаты жакшырды.
"Мен дароо эле биздин бүгүнкү жолугушуубуздун темасынын актуалдуулугун белгилегим келет – "Төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугу жана аны кайтаруунун жеңилдиги үчүн КНСти башкаруудагы санариптик чечимдер". Учурда дүйнө санариптик трансформациянын доорунда жашап жаткандыктан, технология биздин жашообуздун бардык чөйрөсүнө, анын ичинде салыктык башкарууга да кирип жатат. Санариптештирүү иштин натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, процесстерди өркүндөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деди Акылбек Жапаров.
Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов өз сөзүндө салык системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап технологиялардын актуалдуулугун баса белгиледи.
"Кыргызстандын Салык кызматы акыркы эки жылда бул багытта көп иштерди жасады жана ишин улантууда. Санариптештирүү салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртты жана салыктык башкарууда олуттуу алдыга жылды. Акыркы эки жылдагы жетишкендиктерибиздин сандары менин сөздөрүмдү тастыктап турат", – деди А.Абдувапов.
Ал алдыңкы технологияларды киргизүү ички процесстерди тездетүүгө жана оптималдаштырууга, салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөөрүн белгиледи.
Ошондой эле Алтынбек Абдувапов глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип чыгуу жана экономикалык туруктуулуктун жана социалдык бакубаттуулуктун негизи болуп саналган салык системаларынын ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда билим жана тажрыйбалар менен алмашуу маанилүү экендигин белгиледи.
"Тажрыйба жана билим менен бөлүшүү жаңы горизонтторду ачат жана салык системаларыбыздын туруктуулугун бекемдеп, убакыттын чакырыктарына даярдайт деп ишенем," - деди ал.
Мындан сырткары, Салык кызматынын башчысы жыйын кызматташтыкты бекемдөөдө жана жалпы максаттарга жетүүдө маанилүү кадам болуп калат деген ишенимин билдирди.
КМШнын Башкы катчысынын орун басары Денис Трефилов шериктештиктеги салык тармагындагы интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарды даярдоо жана чечимдерди кабыл алуу, пикир алмашуу үчүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңеши маанилүү аянтча экендигин баса белгиледи.
"Кеңештин алдында көптөгөн милдеттер турат, анын ичинде маалымат алмашуу жаатында салык кызматташтыгын жакшыртуу, салык мыйзамдарын сактоого өз ара жардам көрсөтүү, мыйзам бузуулар менен күрөшүү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн салык тармагындагы адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча биргелешкен иштер турат", – деди Денис Трефилов.
КМШ өлкөлөрүнүн салык органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүн практикалык иштелмелери жана КНСти башкаруу процессин жакшыртуу үчүн электрондук куралдарды колдонуудагы жыйынтыктары тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле жолугушууда КМШга катышкан мамлекеттердин салык кызматтарынын ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу маселеси каралды.
КМШ өлкөлөрүнүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 2023–2024-жылдарга карата иш планынын аткарылышы, ошондой эле КМШнын экономикалык өнүгүү стратегиясынын экинчи этабын ишке ашыруунун жүрүшү жыйынтыкталды.