Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөөмдөгө чакырды
КР Энергетика министрлиги 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу алдында турат, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аба ырайы жылыса дароо кийинки күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери башталат.
2025-жылга карата Министрликтин алдында ири долбоорлорду ишке ашыруу жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, генерацияны көтөрүү максатында пландар коюлган.
Ал эми учурда Министрлик калктан электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат. Электр энергиясын үнөмдөө бүгүнкү күндүн талабы.
2025-жылдын 20-февладында «Токтогул» ГЭСинин бир гидроагрегаттары реконструкцияга берилип, 300 МВт кыскарды.
Ал эми 10-мартта «Үч-Коргон» ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияга берилсе, 45 МВт болгон кубаттуулук кыскарат.
Бүгүнкү күндө «Токтогул» ГЭСин реконструкциялоо долбоорунун алкагында акыркы төртүнчү гидроагрегатты алмаштыруу иштери башталып, учурда иш кызуу жүрүүдө.
Реконструкция иштери аяктагандан кийин «Токтогул» ГЭСнин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт. ТГЭСтин бардык 4 гидроагрегатын алмаштыруу менен реконструкция долбоору толугу менен аяктап, 2025-жылы станциянын кубаттуулугу 1440 МВт түзөт. Кошумча 240 МВТ кубаттуулук кошулат.
Ал эми 2025-жылдын 10-мартында «Үч-Коргон» ГЭСнин экинчи гидроагрегаты реконструкцияга берилет. ГЭСтин гидроагрегатынын кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 МВтка көбөйөт. Эскилиги жеткен гидроагрегаттар 1962-жылы ГЭС курулгандан бери бир да жолу реконструкциялоодон өткөн эмес.
Реконсрукциялоонун негизги максакты эскилиги жеткен жабдууларды жаңылоо, ГЭСтин кубаттуулугун көтөрүү жана кошумча электр энергиясын көтөрүү калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү болуп саналат. Реконсрукциялоо иштерин 2025-жылдын декабрь айларына аяктоо пландалууда.
Буга байланыштуу Министрлик жалпы абоненттерден таңкысын 7:00-9:00, кечкисин 18:00-21:00 убакыт аладыгында электр энергиясын үнөмдөп турууну өтүнөт. Бул аралыкта электр жарыгы эң көп колдонулгандыктан системага күч келиши мүмкүн. Андыктан бул сааттарда электр энергиясы менен иштеген баардык жабдыктарды бир учурда иштетпей туруу - чыңалууну алдын алат.
Энергетика министрилиги - күз-кыш мезгилинен ийгилийтүү өтүү максатында, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана иштен чыгарылган гидроагрегаттардын кубаттуулугунун ордун толуктоо зарылдыгын эске алуу менен, алдын-ала альтернативдүү электр энергиясын колдонууга чакырат.
