2024-жылы ирригация тармагына республикалык бюджеттен 5 млрд. сомдон ашуун каражат жумшалды
4 март

2024-жылы ирригация тармагына республикалык бюджеттен 5 млрд. сомдон ашуун каражат жумшалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма  сөз кызматынан билдиришти. 

Жылдык коллегияда Араван, Нарын, Түп, Жайыл, Лейлек, Айтматов, Ноокен райондорунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүнүн беш артыкчылыктуу багыты боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча отчетун берип жатышат.

Алгач министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев министрликтин беш артыкчылыктуу багыттары боюнча жасаган баяндамасында, ирригация тармагына 2024-жылы республикалык бюджеттен каралган каражат 5 млрд. 651,9 млн сомду түзүп, өздөштүрүлгөн каражаттар 5 млрд. 486,9 млн сом, же 97,1 пайызды түзгөнүн билдирди.

Өздөштүрүлгөн финансы каражаттарына төмөндөгү иш-чаралар аткарылды:

– 2024-жылга республикалык бюджеттен капиталдык оӊдоо иштерине 924,0 каралып, жылдын  жыйынтыгы менен 891,0 млн.сом суммасында каржыланып, каржылоо 96,4 пайызга аткарылды. Бул каражатка 626,0 км канал, 596 гидротехникалык курулма, 250 суу өлчөөчү пост, 115 насостук станция, 221 насостук агрегат оңдолып, 30 агрегат алмаштырылды, 150,0 км коллектордук-дренаждык система тазаланды.

 2024-жылга атайын техника сатып алууга республикалык бюджеттен 366,7 млн. сом бөлүнүп, 104 даана атайын техника сатылып алынды.

Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2024-жылга 1000,0 млн сом өлчөмүндө финансылык каражат бөлүндү. 2024-жылы 14 объектте долбоорлоо иштери жана 19 объектинде курулуш иштери жүргүзүлгөн. 6 суу чарба объектиде курулуш иштери аткарылып, натыйжада 200 га жаӊы жер өздөштүрүлүп, 4996 га жер сугат суу менен камсыздалды.

Калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча 2024-жылы планда каралган 40 айылдын суу менен камсыздоо тутумдары курулуп 100% пайдаланууга тапшырылды; - жыйынтыгы менен айыл жеринин 136623 адамы таза суу менен камсыздалды, былтыркыга салыштырмалуу 110 % аткарылды