2025-жылдын 1-январына карата 12 410 жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылды 
28 январь

2025-жылдын 1-январына карата 12 410 жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылды 

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январына карата убактылуу жумушка орношуу тартибинде акы төлөнүүчү коомдук иштерге 12 миң 410 жумушсуз жарандар жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

шондой эле, 2025-жылдын 1-январына карата эмгек рыногундагы активдүү чаралар (ачык билим берүү ресурстары, кесиптик окутуу) аркылуу 19 миң 976 жумушсуз жарандар камтылган.  Жумушсуздук боюнча жөлөк пул 89 жумушсуз жарандарга төлөнүүдө.

 Эскерте кетсек, учурда Кесиптик багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында жана Чүй облусунун Сокулук районунда иштеп жатат. Кесиптик багыт берүү борборлору жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү сапаттуу консультациялык кызматтарды көрсөтүп, окуучуларга жана жумушсуз адамдарга кесип тандоодо туура чечим кабыл алууга жардам беришет жана өлкөдөгү жумушсуздук деңгээлин төмөндөтүүгө салым кошушат. Отчеттук мезгилде 110 миң 656 жаранга консультация берилген. 

Улуттук статистикалык комитет кошумчалагандай, жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптер боюнча жүргүзүлгөн. Алар: компьютер операторлору, соода агенттери, ашпозчулар, косметологдор, чачтарачтар, манюкюрчулар, массаждоочулар, визажисттер, котормочулар, бухгалтерлер, автомобиль айдоочулары, электр газ кошуучулар, слесарь-сантехниктер, тигүүчүлөр, портнойлор, балчылар.