15 000 долларга бааланды: Ак-Талаа районунда жаңы породадагы кой ири киреше алып келүүдө
Ак-Талаа районунда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү багытында акыркы жылдары маанилүү жылыштар байкалууда. Айрыкча өлкөбүздүн сыймыгы болгон Арашан породасындагы койлордун санын жана сапатын көбөйтүү багытында фермерлердин эмгеги зор.
Баетов айылынын тургуну, жеке ишкер Мамытбаев Надырбек өзүнүн мал чарбасында Арашан пародасын ири талаптарга жооп берген деңгээлде өстүрүп, жогорку натыйжага жетишүүдө.
Анын чарбасындагы Корабль-2 линиясынын небере кочкору 15 000 АКШ долларына бааланып, Nissan Rok автоунаасына айырбашталышы — бул кыргыз мал чарбасында асыл тукум багытындагы чоң ийгиликтердин бири болуп саналат.
Бул ийгилик өлкөбүздө селекциялык иштердин өскөнүн, фермерлердин сапатка умтулуусун жана ички рынокто асыл тукум малдын баалуулугу жогорулап жатканын айгинелейт.
Министрлик фермерлерди, мал багуучуларды жана чарбаларды асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырат.
Арашан сыяктуу улуттук селекциянын баалуу пародаларын жайылтуу – Аймактарды өнүктүрүү саясатынын, айыл чарба экономикасын бекемдөөнүн жана экспорттук потенциалды жогорулатуунун маанилүү багыты болуп саналат.
Өлкөбүздүн асыл тукум мал чарба базасын кеңейтүү – жалпы улуттун экономикалык өсүшүнө салым кошо турган орчундуу иш. Ар бир фермерди бул саамалыкты колдоого, сапаттуу продукция өндүрүүгө, селекциялык иштерди күчөтүүгө чакырабыз.
