Кыргызстан Азия менен Европанын ортосундагы жаңы логистикалык көпүрөгө айланат
3 июль

Кыргызстан Азия менен Европанын ортосундагы жаңы логистикалык көпүрөгө айланат

Дүйнөдөгү экспресс-жеткирүү жана логистика тармагындагы эң ири операторлордун бири, өнүккөн эл аралык түйүндүн жана күн сайын миллиондогон жөнөтүүлөрдүн ээси ZTO Express кытай логистикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мультимодалдык логистиканы пайдаланып Бишкекти Европа өлкөлөрү менен байланыштырган жаңы эл аралык жүк ташуу маршрутун ишке киргизүү маселеси талкууланды.

Долбоордо жүктөрдү адегенде автомобиль транспорту менен Кыргыз Республикасына жеткирүү, андан соң аларды «Манас» эл аралык аэропортунда иштетип жана кайра жүктөп, анан аба транспорту аркылуу Европадагы алуучуларга жөнөтүү каралган.

Кыргызстан үчүн бул жөн гана жаңы логистикалык маршрут эмес. Бул заманбап транзиттик инфратүзүмдү калыптандыруу, жаңы эл аралык жүк агымдарын тартуу, аба аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн экономикасына кошумча кирешелерди алып келуү болуп саналат.