Жазгы-талаа иштерине карата 130 километрден ашуун канал тазаланды
2025-жылдын 3-мартына карата 131,3 км чарба аралык каналдардын тазалоо иштери аткарылды. 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо максатында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу, Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 500,0 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык жол менен тазалоо, 755 даана гидротехникалык курулмаларды, 200 даана суу өлчөөчү постторду, 91 даана насостук станцияларды, 156 даана насостук агрегаттарды оңдоо-калыбына келтирүү, 40 даана насостук агрегат жаңылоо жана 272,0 км коллектордук-дренаждык тармактын тазалоо иштерин аткаруу мерчемделди.
Ал эми, 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык жол менен тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2025-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустарында 2025-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 2025-жылдын 10-майына карата бүткөрүлөт.
