Гурас Жапаров: Кыргызстан ИДПнын өсүүсү боюнча Борбор Азиядагы лидер өлкөгө айланды. Анын себептери
9 июль

Гурас Жапаров: Кыргызстан ИДПнын өсүүсү боюнча Борбор Азиядагы лидер өлкөгө айланды. Анын себептери

Өзбекстандын маалымат каражаттары Кыргызстан ИДПнын өсүүсү боюнча Борбор Азияда лидер өлкөгө айланганын жазып чыгышты. Мындай жетишкендиктен себеби эмнеде жана экономиканын туруктуу өнүгүүсү эмнени билдирет? Бул суроого Бишкектеги финансы-экономикалык техникумдун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров жооп берди. 

Айтымында, ар бир өлкөнүн экономикасынын өсүшүнүн негизги көрсөткүчү ИДП болуп саналат. Ал киши башына канчадан тиет жана жалпы суммасы канча болоору эсептелет. Биздин өлкөдө ИДП жан башына 2500 доллардан айланууда. Ошондой эле, экономика жыл сайын 9 пайызга туруктуу өсүүдө, ал эми ИДПны 2030-жылга чейин 4500 долларга жеткирүү пландалып жатат. 

“Тармактардын өнүгүшү экономиканын өнүгүшүн камсыздоодо. Бүгүнкү күндө өлкөдө өтө тез өнүгүп жаткан тармак – курулуш. Анын ичинде жол куруу, үй куруу ж.б. Анда ары өндүрүш, айыл чарба ж.б. турат. Булардын орточо өсүү темпи былтыр жана быйыл 9,2 пайыз деп көрсөтүлдү. Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча, 2025-жылы Кыргызстандын өнүгүү темпи 6,8 пайызга жетет. А биз эгер ушул темп менен кетсек, жыл соңуна чейин 8%, 8,5%, 9%га барабыз го деп божомолдоп турабыз. Азыр ИДП ар бир кишиге 2500 доллардан айланууда, 2018-2019-жылдары 1200-1250 доллардын тегерегинде болчу”, – деди ал. 

Гурас Жапаров экономикалык өсүштүн себептерин үч негизги топко бөлдү. Алар: 

1. Экономиканын ачык болуучу. Анын ичинде экономикалык реформалардын өзү ачык жүргүзүлүп жатканы. Ошол эле салык саясаты кайсы бир деңгээлде коомчулуктун жалпы катышуусу менен жөнгө салынды. Атап айтканда, тийиштүү органдар, бизнес өкүлдөрү, коомчулук чогуу-чаран салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизди. Демек, “кеңешип кескен бармак оорубай” турганы далилденди. 
2. Эң чоң көйгөй болгон коррупция ооздукталды. Ал ооздукталбаса, экономика өнүкмөк эмес. 
3. Уктап жаткан тармактар – курулуш жана өндүрүш жанданды. Алардын жанданышына жана алдыга жылышына мамлекет түрткү берди. Мисалы, ипотекалык турак жайлардын курулушуна мамлекет акчасын салды. Үй курууда көп нерсе керектелет, ошол эле курулуш материалдары, жасалгалар өндүрүш тармагынан сатылып алынды дагы, бул жерде ич ара салым таасири күчөдү.