Суткасына 10 тоннага жакын. Ошто балмуздак өндүрүшү колго алынууда
29 май

Суткасына 10 тоннага жакын. Ошто балмуздак өндүрүшү колго алынууда

Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында айыл чарба министринин орун басары Рустам Балтабаев Ош шаарындагы «Обид Файз» ишканасына барды.

Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте ишкананын өндүрүш аянтын жеринен көрүштү. Анда компаниянын өкүлү тааныштыруу экскурсиясын өткөрүп, өндүрүштү кеңейтүү долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктардын курулушу, курулуш-монтаж иштеринин учурдагы абалы жана объектти пайдаланууга берүү боюнча даярдык менен таанышты. Ишкананын жетекчилиги негизги иштер үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин аяктары пландалып жатканын билдирди.

Учурда ишкана суткасына 10 тоннага жакын балмуздак өндүрөт. Ал эми долбоор толугу менен аяктап, жаңы линиялар ишке киргизилгенден кийин өндүрүш көлөмү суткасына 40 тоннага чейин көбөйөт.

Кароо-жыйынтыгы боюнча Рустам Балтабаев объекттин жогорку даярдык деңгээлин белгилеп, аны пайдаланууга берүү жана бардык зарыл болгон коммуникацияларга кошуу процедураларын тездетүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле долбоордун ишке кириши ички өндүрүш көлөмүн кыйла көбөйтүүгө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана кыргыз продукциясынын ички жана тышкы рыноктордогу ордун бекемдөөгө мүмкүндүк берерин белгиледи.