Кыргызстанда 172 машина-трактордук станция иштеп жатат
28 январь

Кыргызстанда 172 машина-трактордук станция иштеп жатат

Кыргызстанда жалпысынан 172 машина-трактордук станция (МТС) уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 59 муниципалдык, 113 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет, алардын карамагында 3700 жакын айыл чарба техникалары бар.

Алсак;

  • Нарында – 27,
  • Ысык-Көлдө – 32,
  • Ошто – 17,
  • Баткенде – 10,
  • Чүйдө – 38,
  • Таласта – 23,
  • Жалал-Абадда – 25.

Белгилей кетсек, аймактарда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды (МТС) уюштуруу демилгеси айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз маалында сапаттуу механизациялык кызмат көрсөтүү, лизингдин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, машина- трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо максатында ишке ашууда.