Кыргызстан менен Кытай күйүүчү май жеткирүүнү тездетүүнү макулдашты
КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, КЭР СУАР Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун ыргагы ийгиликтүү жүрүп жатканы белгиленди. Жетишкендиктер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин саясий эркинин жана жеке колдоосунун аркасында “Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан”темир жолунун, “Барскоон–Бедел–Учтурфан–Аксу” автожолунун курулушу, “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышы, Бишкек жана Ош шаарларын Үрүмчү жана Кашкар шаарлары менен байланыштырган түз аба каттамдарынын иштөөсү сыяктуу ири долбоорлор жигердүү ишке ашырылып жатканы айтылды.
Анда Эрлист Акунбеков Кытайга болгон бул жолку жумуш сапарынын негизги максаты — эки өлкөнүн мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларынын ортосунда түз байланыштарды орнотуу жана Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнү тездетүү экенин белгиледи.
“Мени менен бирге Кыргызстандын мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ишкерлери келишти. Алардын айрымдары кытайлык компаниялар менен кызматташууну буга чейин эле башташкан. Кечээ эки өлкөнүн мамлекеттик органдары Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу жана башка тиешелүү маселелерди талкуулоо боюнча жумушчу жолугушууларды өткөрүштү. Биздин бир катар компанияларыбыз авиакеросин жана дизелдик отунду жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Күйүүчү майдын алгачкы партиялары Кытайдан Кыргызстанга ийгиликтүү жеткирилди. Буга байланыштуу, бул маселеде көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн Кытай Өкмөтүнө ыраазычылык билдиргим келет”, — деди Эрлист Акунбеков.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы мунай жана газ кендерин чалгындоо жана өздөштүрүү, ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чек ара өткөрүү пункттарында сактоо жана транзиттик-которуп жүктөө инфраструктурасын түзүү маселелерин карап чыгуу пландары сүйлөшүлдү.
Өз кезегинде КЭР СУАР Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, КЭРдин СУАР аймагы аркылуу Кыргызстан менен өзгөчө өз ара соода жүргүзүүнү, ошондой эле кызматташуунун жаңы багыттары боюнча активдүү иш алып барууга кытай тарап кызыкдар экенин кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында, нефть рыногундагы эл аралык кырдаалды жана Кыргызстанды мунай продуктылары менен туруктуу камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү процессин жеңилдетүү жана тездетүү макулдашылды.
Ошондой эле, Эрлист Акунбековдун бул жолку жумуш сапарынын алкагында жүргүзүлгөн бир катар жумушчу жолугушууларда каралган маселелерди камтыган эки тараптуу документтердин жыйынтыгы боюнча дээрлик он күндөн кийин Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин жана Кытай төрагасынын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюуга жетишүү зарылдыгы белгиленди.
