Камбар-Ата-1 ГЭС: Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон стратегиялык долбоор
9 июль

Камбар-Ата-1 ГЭС: Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон стратегиялык долбоор

Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында Энергетика министрлиги маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду активдүү жүзөгө ашырууда. Алардын ичинен эң ириси — улуттук мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушу.

Бүгүнкү күндө гидроэлектростанцияны куруунун негизги этабына өтүү үчүн талап кылынган даярдык иштери кызуу жүрүп жатат.

Азыркы этаптагы негизги жетишкендиктер:

1. Жалпы автоунаа жолдорду куруу иштери 60%га аткарылды.

2. Транспорттук тоннелди куруу толугу менен (100%) бүткөрүлдү.

3. Тоннелдин ичиндеги жолду бетондоо 93%га аткарылды.

4. Нарын дарыясынын оң жээгине өтүү үчүн көпүрө куруу иштери 20%га аткарылды.

5. ВЛ-110кВ жана көмөк чордонду куруу 77%га аткарылды.

6. Жумушчулар үчүн вахталык шаарчаны куруу 30%га бүткөрүлдү.

Бул инфраструктуралык иштер Камбар-Ата-1 ГЭСнин негизги курулушуна өтүү үчүн бекем база түзүп, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жана туруктуу келечегине өбөлгө болот.