Марс Сариев: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан темир жолу Борбор Азиянын гүлдөп-өнүгүшүн шарттайт
9 июль

Марс Сариев: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан темир жолу Борбор Азиянын гүлдөп-өнүгүшүн шарттайт

Тажикстан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол коридоруна кошулууну пландоодо. Бул Борбор Азиянын транспорт чынжырын бекемдейт жана чөлкөмдүн экономикалык өнүгүүсүнө жаңы импульс берет.

Эксперт Марс Сариев Тажикстан долбоорго сөзсүз кошулат деп ишенет.

«Бул Борбор Азия өлкөлөрү, айрыкча Тажикстан үчүн пайдалуу, – деп белгиледи ал, – Ошондуктан, президент Садыр Жапаровдун жакында Тажикстанга болгон сапарында Эмомали Рахмон менен менимче, бул маселе талкууланган болушу керек».

Сариев белгилегендей, долбоорго кошулуу анчалык кыйынчылык жаратпайт.

«Душанбеден Өзбекстанга чейин темир жол болгон, бирок Каримовдун убагында аны пайдаланышкан эмес. Эми бул жол калыбына келтирилип, анан өзбек темир жолуна кошулат».

Айтымында, кырдаалдын ушул өңүттө өнүгүшү Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирет, экономикалык өсүшкө жана чөлкөмдүн гүлдөп-өнүгүшүнө алып келет.

«Тажикстандын бул жалпы системага киришин Өзбекстан менен Кыргызстан колдоого алат», – деп кошумчалады эксперт.