Финансы министрлиги 2025-жылдын 8 айына карата Баткен облусуна республикалык бюджеттин 366,1 млн сом каржылады
17 сентябрь

Финансы министрлиги 2025-жылдын 8 айына карата Баткен облусуна республикалык бюджеттин 366,1 млн сом каржылады

Баткен облусу боюнча 2025-жылдын 8 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 352,2 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:

1.Теңдөөчү трансферт – 221,7 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7,0 млн сом;
3. Электр энергияга 50% компенсация – 54,4 млн сом;
4. Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 39,9 млн сом;
5. Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого – 29,2 млн сом.

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 13,9 млн сом бөлүнүп берилди.

Жалпы – 366,1 млн сом