Кара-Балта шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудиттери жүргүзүлдү
16 сентябрь

Кара-Балта шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудиттери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Кара-Балта шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканаларынын ишине шайкештик аудиттерин жүргүздү.

Аудиттердин жыйынтыгында бардыгы  – 129 990,4 миң сом каржылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен 125 671,4 миң сом калыбына келтирилүүсү тийиш болгон (аудиттердин жүрүшүндө 1 081,0 миң сом калыбына келтирилген), тактап айтканда:

  • Бюджеттин киреше бөлүгүнүн ченемдик-укуктук актылардын талаптарына туура келбеши, сапатсыз пландоо – 606,5 миң сом;
  • Бюджетке төлөмдөр, туумдар жана айып пулдарды өндүрүү боюнча көрүлбөгөн чаралар – 8 012,9 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • Бюджеттик ассигнованиелердин көлөмдөрүнүн жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин, каржылоонун чектүү көлөмдөрүнүн укуктук негиздерсиз өзгөрүшү – 51354,4 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • Башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылууга тийиш болгон чыгымдарды төлөө үчүн каражаттарды пайдалануу – 3 367,8 миң сом;
  • Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 8 500,0 миң сомго толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • Кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 262,5 миң сом,  212,8 миң сом калыбына келтирилүүсү тийиш (101,4 миң сом калыбына келтирилген);
  • ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар – 26,5 миң сом, толугу менен эсепке алынуусу тийиш;
  • Бюджеттерди аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер – 55 500,0 миң сом, толугу менен республикалык бюджетке кайтарылуусу тийиш;
  • Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу – 718,0 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш (эсеп боюнча толугу менен калыбына келтирилген);
  • Финансылык активдер боюнча эсеп жүргүзүүдөгү мыйзам талаптарынын сакталбашы – 95,2 миң сом;
  • Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 624,3 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • Кредитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 614,3 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
  • Эсепке алуу жана отчёттуулук тартибин башка бузуулар – 308,0 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш (261,8 миң сом калыбына келтирилген).

Аудиттердин материалдары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Коллегиясында каралып, Коллегиянын чечимине ылайык, аудиттердин жыйынтыгы тууралуу маалымат Кара-Балта шаардык кеңешине жиберилген. Андан тышкары, аныкталган каржылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жазма буйруктар жиберилген.

Ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгында курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүн жана наркын 8 500,0 миң сомго негизсиз жогорулатуу боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди.