Бакытбек Жумагулов: Душанбенин темир жол долбооруна кошулушу Кыргызстандын экономикалык маанилүүлүгүн күчөтөт
Тажикстан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбооруна кошулууну каалайт. Маселе Тажикстан жана Кытайдын транспорт министрлери Азим Иброхим менен Лю Вэйдин ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн Транспорт министрлигинин башчыларынын 12-жыйынынын алкагындагы жолугушуусунда талкууланды.
Мындай чечим кабыл алынса, Кыргызстанга кандай оң жана терс таасирлери болот жана Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон сапарынынын жүрүшүндө президенттер бул теманы талкуулашканбы – редакция Евразия стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакытбек Жумагуловдон сурады. Саясат таануучунун пикиринде, Кыргызстан мындай долбоорду түзүүгө чындап эле кызыкдар.
«Бирок биз бул тема Тажикстан менен Кыргызстандын президенттеринин сүйлөшүүсүндө расмий айтылбаганын билебиз, балким, алдын ала шарттуу түрдөгү талкуу болгондур», – деди Жумагулов эки өлкөнүн президенттеринин жолугушусунда темир жол боюнча талкуу болушу ыктымалдыгын комментарийлеп жатып.
Эксперттин айтымында, Душанбенин аталган долбоорго кошулушу өлкөбүздүн экономикалык маанилүүлүгүн күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин өлкө Кытай менен башка өлкөлөр ортосундагы товарларды кайра багыттоодо негизги өлкөгө айланат.
«Бул кошумча финансылык мүмкүнчүлүктөр, бул долбоорго төртүнчү өлкөнү кошуу менен Тажикстан аркылуу болчу кошумча агымдар. Каржылоо, кандайдыр бир макулдашуулар боюнча маселелер пайда болот жана алар кененирээк талкуулоону талап кылат», – деди ал.
