КР СӨП Австриянын аналитикалык борбору менен кызматташууну талкуулады
21 октябрь

КР СӨП Австриянын аналитикалык борбору менен кызматташууну талкуулады

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Global Neighbours аналитикалык борборунун (Австрия) президенти Йованка Порше жана долбоордун жетекчиси Алексей Ксенофонтовдун жолугушуусу болуп өттү.

Уюмдан кабарлашкандай, тараптар борбордун демилгелерин сунушташты жана талкуулашты, анын ичинде:

• Europe-Central Asia Business Association (ECABA) – Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы бизнес байланыштарды тереңдетүү үчүн платформа;

• Global Neighbours Train – Борбордук Азиянын шаарлары аркылуу Европа-Кытай поезд каттамы форматындагы эл аралык “саякат форуму” жол боюнда жолугушууларды, конференцияларды жана тегерек столдорду өткөрөт.

Global Neighbours уюмунун өкүлдөрү Кыргызстандын долбоорлорго катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешип, кызматташуунун мүмкүн болгон форматтары боюнча Соода-өнөр жай палатасынын позициясын сурашты.

Темир Сариев палатанын эл аралык демилгелер менен өнөктөш болууга даярдыгын белгиледи.

Тараптар ECABA жана Global Neighbours Train үчүн жол карталарын алмашуу жана бизнес багыттары жана бизнес сессияларынын темалары боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоо үчүн жумушчу байланыштарды түзүүнү макулдашышты.