Чүй облусунда терини кайра иштетүүчү ишкананын курулушу башталды
Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында «Асыл Тери» ЖЧКсынын заманбап тери иштетүүчү заводунун курулушу башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлигинен кабарлашты.
Капсула салуу иш-чарасына 1-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.
Белгиленгендей, бул долбоор президенттин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, өлкө ичинде кошумча нарк түзүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясатынын жыйынтыгы болуп саналат.
Министрдин айтымында, Кыргызстан чийки затты экспорттоодон терең кайра иштетүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү даяр продукция өндүрүүгө ырааттуу өтүп жатат.
Долбоор 103 гектар аянтта министрликке караштуу «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коомунун «Чүй агроөнөр жай зонасынын» алкагында системалуу түрдө ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 12 миллион АКШ долларын түзөт.
Ошол эле учурда долбоордун сметалык баасы 5 миллион АКШ доллары болуп, мамлекет тарабынан каржыланууда. Курулуш аяктагандан кийин ишкана суткасына 24 тоннага чейин чийки тери иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Бул мал чарбачылыгынын чийки зат базасын натыйжалуу пайдаланууга, тери тармагында толук өндүрүштүк чынжыр түзүүгө жана ички-тышкы рынокторго багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгарууга шарт түзөт. Мындан тышкары, буга чейин иштетилбей талаага ташталып келген бодо малдын жана башка жандыктардын терилери кайра иштетилип, бут кийим жана тиричилик продукцияларын өндүрүүгө пайдаланылат.
Долбоорду операциялык башкаруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында “Тойбос” компаниясы менен биргеликте ишке ашырылып, технологиялык жактан түркиялык тарап менен кызматташтык жүргүзүлүүдө. Бул долбоор агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жана кайра иштетүү тармагын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.
