Cалык кызматы Министрлер Кабинетинин өзүнчө бөлүмгө укук коргоо органы макамын ыйгаруу жөнүндө токтом долбоорун чакыртып алат
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн бир бөлүмүнө укук коргоо органынын жана алгачкы текшерүү органынын функциясы менен макам ыйгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун чакыртып алуу чечимин кабыл алды.
2025-жылдын 7-октябрында Салык кызматы тарабынан "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин укук коргоо органынын макамына ээ болгон Салык кызматынын органдарынын функцияларын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КРнын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылган.
Белгилей кетсек, долбоор Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 55-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Талкуунун жүрүшүндө коомчулуктун пикирин эске алуу менен Мамлекеттик салык кызматы аталган долбоорду кайтарып алуу чечимин кабыл алды.
Салык кызматы коомчулукка талкууга активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, салык саясаты жана башкаруу жаатындагы маанилүү маселелер боюнча ачык диалогго даяр экенин белгилейт.
