Максатбек Койчуманов: Кыргызстан өнүгүүнүн жолуна түштү деп ишенимдүү айта берсек болот
Кыргызстанды экономикасы ишенимдүү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошууга болот. Мындай пикирин “Биринчи радионун” түз эфиринде И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты Максатбек Койчуманов билдирди.
Айтымында, өлкөнүн тышкы карызы ИДПнын 70 пайызынан ашпашы керек деген ченемдер бар. Кыргызстанда учурда тышкы карыз ИДПнын 45 пайызына жетпейт. Бул экономика жабыркаган жок дегенди билдирет.
“Карызды тейлөөгө бюджеттен акча жумшалат. Ошол карызга кеткен сумма бюджеттин киреше бөлүгүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш. Бүгүнкү күндө бизде орто эсеп менен 14-15 пайызды түзүп жатат. Ошондуктан, Кыргызстан өнүгүүнүн жолуна түштү деп ишенимдүү айтууга болот”, – деди Койчуманов.
Анда белгиленгендей, 2025-жылы өлкөдө орточо номиналдык эмгек акы 42 648 сомду түздү. 2024-жылга салыштырмалуу 19 пайызга өстү, эгерде инфляцияны алып салса, анда 10,9 пайызга өсүүдө.
