АЧК-12 долбоору боюнча 3,92  млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды
4 октябрь

АЧК-12 долбоору боюнча 3,92 млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды

2024-жылдын 26-сентябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-12”  Долбоордун алкагында республиканын 9 914 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 924,48 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 484,25 млн сом суммасында 8 573 субъектти  түзөт;
  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 440,23 млн  сом суммасында 1 341 субъектти түзөт.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.

2024-жылдын 26-сентябрына карата аталган долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.

(млн сомов)

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы

Республика боюнча бардыгы

 9 914

3 924,48

1

Чүй облусу

1 777

693,29

2

Ысык-Көл облусу

1 543

546,30

3

Талас облусу

1 069

403,67

4

Нарын облусу

1 132

459,34

5

Жалал-Абад облусу

2 075

870,91

6

Ош облусу

1 684

691,02

7

Баткен облусу

634

259,95