Кыргызстан жыл аягына чейин экспорттун көлөмүн 70 млрд сомго жеткирүүнү пландоодо
Кайра иштетүү өнөр жай тармагында өндүрүштүк процесстер жана көрсөткүчтөр жанданып, жыл сайын өсүш көрсөтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев министрлик тарабынан уюштурулган "Агроөнөр жай тармагынын приоритеттүү секторлоруна инвестицияларды тартуу” боюнча форумунда билдирди.
“Азыркы учурда биздин продукция 80ден ашуун өлкөгө экспорттолуп, экспорттук корзина 60тан ашык түрдү түзөт. 2024-жылы жалпы экспорт көлөмү дээрлик 39 млрд сомду түздү, ал эми ушул жылдын аягына чейин биз 70 млрдга жеткирүүнү мерчемдедик”, – деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен “WAPinvest 2025” инвестициялык форуму өтүүдө.
