“АЧК-12" долбоору боюнча 4 862 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды
2025-жылдын 1-январына карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” Долбоорунун алкагында республиканын 12 108 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 861,71 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:
- “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 4 379,99 млн сом суммасында 10 664 субъектти түзөт;
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 481,72 млн сом суммасында 1 444 субъектти түзөт.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.
