Бишкекте «Кыргызстан – регионалдык хаб: континенттерди бириктирүү» аталышындагы эл аралык транспорттук форум болуп өттү
24 апрель

Бишкекте «Кыргызстан – регионалдык хаб: континенттерди бириктирүү» аталышындагы эл аралык транспорттук форум болуп өттү

2026-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында «Кыргызстан - аймактык хаб: континенттерди бириктирүү» аталышындагы эл аралык транспорттук форум старт алды. Иш-чаранын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.

Форумга ШКУ жана ТМУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрликтеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, каржы институттары жана логистикалык компаниялар катышууда.

Форумдун негизги максаты – транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, тармакты санариптештирүү жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү аркылуу Кыргыз Республикасын негизги транспорттук-логистикалык борбор катары илгерилетүү болуп саналат.

Форумдун алкагында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда баяндамалар жасалды. Анын ичинде «Евразия транспорт коридорлорунун тутумунда темир жол транспорту жана анын транзиттик потенциалы» аталышындагы сессиянын алкагында «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директорунун биринчи орун басары Роман Спасский «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Евразия континентинин транспорттук архитектурасындагы стратегиялык мааниси» темасында баяндама жасады. Өз сөзүндө Роман Спасский аталган долбоор Кыргыз Республикасынын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү жана эл аралык логистикадагы ролун жогорулатууда маанилүү экенин белгиледи.

«Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов темир жол транспортунун регионду өнүктүрүүдөгү ролу жана «Чыгыш–Батыш» жана «Түндүк–Түштүк» альтернативдүү багыттарын калыптандыруудагы мааниси тууралуу баяндама жасады.

Форум өлкөнүн негизги инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында өтүүдө. Алардын катарына «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу, «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы жана Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы кирет.

Форум Евразиядагы транспорттук интеграциянын келечегин талкуулоого жана өлкөнүн транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп калды.