Кыргызстанда аркан жолдорун жыйноочу өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда
сүрөт: depositphotos.com
30 август

Кыргызстанда аркан жолдорун жыйноочу өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда

Кыргызстанда кытайлык компания менен биргеликте аркан жолдорун жыйноочу өндүрүш түзүү пландалууда. Тиешелүү өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кыргыз-кытай инвестициялык форумунун алкагында кол коюлду. Бул тууралуу журналисттерге «Берекет Консалт» компаниясынын директору Назим Султаналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын тоолуу рельефи аркан жолдоруна болгон суроо-талаптын жогору болушуна шарт түзөт. Ошондуктан өлкөдө аркан жолдорун өз алдынча өндүрүүнү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Келечекте өндүрүлгөн продукцияны коңшу мамлекеттерге экспорттоо да пландалууда.

Султаналиевдин айтымында, өнөктөш компанияны тандоодон мурда «Берекет Консалт» Кытайдын рыногун изилдеген.

«Биз Кытайдагы аркан жолдорунун рыногуна талдоо жүргүзүп, 6-7 ири заводду кыдырып чыктык. Натыйжада эң ири жана тажрыйбалуу өндүрүүчү компанияны тандадык. Учурда аны менен ийгиликтүү иштеп жатабыз», – деди ал.

Учурда компания Талас облусунун Беш-Таш айыл аймагында аркан жолун куруу долбоорун да ишке ашырууда.

Султаналиевдин маалыматына караганда, долбоор техникалык жактан татаал. Курула турган аркан жолунун узундугу 1,4 чакырымды түзөт.