Куала-Лумпурдун борбордук көчөсүндө Кыргызстан тууралуу видеоролик көрсөтүлдү
12 декабрь

Куала-Лумпурдун борбордук көчөсүндө Кыргызстан тууралуу видеоролик көрсөтүлдү

Жыл сайын 11-декабрда белгиленүүчү Эл аралык Тоо күнүн майрамдоонун алкагында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги Куала-Лумпурдун эң кыймылдуу көчөлөрүнүн биринде тематикалык видеороликти жайгаштырууну жана көрсөтүүнү уюштурду. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Бир жуманын ичинде Куала-Лумпурдун тургундары жана коноктору БУУнун жана башка эл аралык платформалардын алкагында тоо күн тартибин илгерилетүүдө Кыргызстандын алдыңкы позициясын чагылдырган видеороликти көрө алышат.

Видеороликти жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы кеңири кампаниясынын алкагында климаттын өзгөрүшүнүн шартында тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүү көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулду.