
Жунушалиев Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча пландары менен бөлүштү
Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча пландарга токтолду.
Бейрасмий булактар Бишкек бир нече жыл катары менен абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү эң булганган шаарлардын катарына киргенин кызуу талкуулап жатышат. Буга негизги «салымдар» антропогендик булгоочу заттар, атап айтканда шаардын четиндеги үйлөрдү жылытуу үчүн колдонулган көмүр, транспорт, ЖЭБ, өнөр жай объектилери жана карьерлер.
Бишкек менен Кытай Эл Республикасынын шаарларынын ортосундагы тыгыз достук мамилелеринин негизинде экологиялык коопсуздук маселелери боюнча эксперттер тобу түзүлүп, Циндао университети менен биргеликте иш алып барылууда.
2024-жылы бул топ үч ай бою Бишкекте изилдөө жүргүзгөн. Турак-жайларда жана уюмдарда, анын ичинде бала бакчаларда көмүр отканаларын колдонуу маселелери изилденди. Изилдөөдө эски от казандарды заманбап көмүр отканаларына алмаштыргандан кийин көрсөткүчтөр стандарттарга жооп бергени аныкталган. Мындан улам шаар мэриясы экологияны жакшыртуу максатында заманбап көмүр отканаларын орнотууну сунуштоо пландалууда. 2025-жылы мындай от казандарды шаар боюнча кеңири жайылтуу пландалууда.
Андан тышкары, Бишкекте катализаторлорду унаалардан чыгарып алып, андан соң сатуу менен байланышкан бизнес өнүгүүдө. Себеби катализаторлордун курамында платина, палладий, родий сыяктуу дүйнөлүк рынокто суроо-талап жогору болгон баалуу металлдар бар. Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген чектөөлөргө карабастан, рынок активдүү өнүгүүсүн улантууда.
Циндао шаарынан келген эксперттер жаңы газ тазалоо системаларын унааларга орнотуп, аларды сыноодон өткөрүштү. Жаңы системалар орнотулган соң, анын натыйжалары Евро стандарттарына шайкеш келген. Келечекте катализаторсуз унаалары бар ээлерине бул системаларды жеткиликтүү баада орнотуу сунушталат. Орнотуунун орточо баасы 5 миң сомду түзөт, мурда болсо катализаторлордун баасы 700-1000 доллардан башталчу.
Мындан тышкары, ЖЭБ-2 аймагына жаратылыш газ электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлду. Долбоордун алкагында инвестор «Ала-Арча» көмөкчордонуна электр чубалгыларын, ошондой эле борбордук системаны ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн узундугу 10 км узундукта жылуулук түтүктөрүн орнотушат. Инвестор жылуулук энергиясын акысыз жеткирип берүүгө милдеттендирилет.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аркылуу Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоору ишке ашырылууда. Бул долбоорго Бишкек шаарын жашылдандыруу жана шаардын микроклиматын жакшыртуу максатында ирригациялык системаларды кеңейтүү жана калыбына келтирүү кирет.
Мындан тышкары, Циндао шаарындагы компания менен биргеликте питомник курулат.
«Жашылдандыруу саясатын күчөтүү жана шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуунун алкагында ар кандай көчөттөрдү отургузуу жана жашыл аймактарды түзүү иштери активдүү жүргүзүлөт. Бул эмгектерде илимий жактан негизделген методдор колдонулат. Экологияга, таза абага өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Алдыбызга илимий изилдөөлөрдүн негизинде иш алып баруу максатын койдук, эгерде алдын ала (болжолдуу) маалыматка таянсак, анда Бишкектин жашыл фондунан ажырап калуу коркунучу бар», - деп кошумчалады мэр.